Ихлас сүрөсү
Ихлас сүрөсү (арабча: سورة الإخلاص, Ыкылас), ошондой эле Аль-Таухид сүрөсү (ар. سورة التوحيد, Monotheism), — Курандын 112-сүрөсү. Уламалардын (аалымдардын) ою боюнча бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн жана төрт айаттан турат.
Сүрө түшүшүнүн себеби: Көп кудайга сыйынгандар Мухаммед пайгамбардан "Сенин Кудайың эмнеден жасалган?" деген суроону беришкенде жооп катары Ихлас сүрөсү түшүрүлгөн.
Арабча тексти
[түзөтүү | булагын түзөтүү]بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ
- قُلۡ هُوَ اللّٰہُ اَحَدٌ
- اَللّٰہُ الصَّمَدُ
- لَمۡ یَلِدۡۙ وَ لَمۡ یُوۡلَدۡ
- وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ کُفُوًا اَحَدٌ
Транскрипциясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бисмилляхи-р-Рахмани-р-Рахим
1. Кул ху Аллах ху ахад
2. Аллах ху с-самад
3. Лам ялид ва лам юлад
4. Ва лам якун лаху куфуван ахад
Кыргызча мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ихлас1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: Аллах Жалгыз!
2. Аллах эч кимге муктаж эмес!
3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн!
4. Ага эч ким теңдеш эмес!
Кыскача түшүндүрмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1 Ихлас - Ыкылас
2 Эй, Мухаммед!
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1
Муруңку сүрөө: Масад сүрөсү | Сүрө 112 — Арабча текст | Кийиңки сүрөө: Фалак сүрөсү |