Иерусалим
Шаар
Иерусалим
|
Иерусалим (евр. יְרוּשָׁלַיִם Yerushalayim) же Кудус (ар. القُدس al-Quds) — Палестинадагы шаар.
Жер Ортолук деңизден 60 км чыгышта, Өлүк деңизден 30 км батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87% и) түзөт. Иерусалим заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер (анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)), тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полигр., тамак-аш өнөр жай иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн.
Алгач б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим, Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920-48-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын административдик борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча административдик бирдик болууга тийиш эле, бирок 194849-ж-дагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоготпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган.
Эски шаар азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Ый (Плач) дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687-691), Эл-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11-12-кылымдын чиркөөлөрү, цитадель (14-16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археологиялык эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
Израилдин жогорку соту
-
Израилдин тышкы иштер министрлиги
-
Израиль музейиндеги Китеп күмбөзү
-
Эл аралык кеңешме борбору Эл аралык конференц-борбор
-
Иерусалим Синематекасы
-
Библия өлкөлөрүнүн музейи
-
Израиль телекөрсөтүүсүнүн 1-каналынын имараты
-
Израиль илимдер академиясы
-
Жөөт тилинин академиясы
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
БУУга мүчө өлкөлөр: Абу-Даби |
Амман |
Анкара |
Ашхабад |
Багдад |
Бакы |
Бандар-Сери-Бегаван |
Бангкок |
Бейрут |
Бишкек |
Вьентьян |
Дакка |
Дамаск |
Дили |
Доха |
Душанбе |
Жакарта |
Ереван |
Иерусалим |
Исламабад |
Кабул |
Катманду |
Куала-Лумпур |
Мале |
Манама |
Манила |
Маскат |
Москва |
Найпьидо |
Никосия |
Нур-Султан |
Нү-Дели |
Пекин |
Пномпень |
Путражайя |
Пхеньян |
Сана |
Сеул |
Сингапур |
Ташкен |
Тбилиси |
Тхимпху |
Тегеран |
Токио |
Улан-Баатыр |
Ханой |
Шри-Жаяварденепура-Котте |
Эл-Кувейт |
Эр-Рияд
|