Nothing Special   »   [go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Жамбыл облусу

Википедия дан
Жамбыл облусу
каз. Жамбыл облысы
Герб
Герб
Өлкө

 Казакстан

Административдик борбор

Тараз

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}


Жамбыл облусуКазакстандын түштүгүндөгү административдик-аймактык бирдик.

1939-жылдын 14-октябрында уюшулган. Аянты 144,5 миң км2. Калкы 983,9 миң (1999). Облуста 10 административдик район, 4 шаар, 13 шаарча бар. Борбору – Тараз шаары. Аймагынын көп бөлүгү түзөң келип, түндүгүн Бетпак-Талаа, Моюн-Кум (бийиктиги 665 м, Байкара тоосу) чөлү ээлейт. Түштүк-батышындагы Барак-Тоо (бийиктиги 1660 м), чыгыш жана түштүк-чыгышында Жел-Тоо, Ай-Тоо (1506 м), түштүгүндө Кыргыз Ала-Тоосу (400 м) жатат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –10…–12ᵒС, июлдуку 25–26ᵒС. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 100 ммден 500 ммге, тоолорунда 800–900 ммге чейин. Агын суулары өтө аз, ирилери: Чүй, Талас, Асса жана башка Түндүк-чыгышында Балкаш көлү жайгашкан. Газ, фосфорит, түстүү металл (алтын, күмүш), таш көмүр, барит, гипс, туз, курулуш материалы казылып алынат. Боз, шор, шортоң топурак басымдуу. Тоо этектеринде коңур-кызыл топурак таралган. Чөлдөрүндө сөксөөл, чий, Чүй, Талас сууларынын боюнда тал-терек, тоолорунда арча, ыргай жана башка өсөт. Тоо-кен, химия, жеңил, та­мак-аш, булгаары-бут кийим, фосфорит өнөр жай, спирт, май заводдору бар. Дан эгин (буудай, арпа), жүгөрү, кант кызылча, картөшкө, жашылча-жемиш айдалат. Бакчачылык, жүзүмчүлүк, эт-сүт багытындагы мал чарбасы, каракөл коюн өстүрүү өнүккөн. Ири автомобиль жолу – Алматы – Мерке – Чымкент. Облустун аймагы аркылуу Бухара – Алматы газ кууру өтөт.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1