Nothing Special   »   [go: up one dir, main page]

Мазмунга өтүү

Кыргызстандагы электр станцияларынын тизмеси

Википедия дан

КМШнын электр энергетикалык кеңешинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын аягындагы маалыматтарга ылайык Кыргызстандагы электр станцияларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 3892 МВт, анын ичинде 862 МВт жылуулук электр станцияларынын жана 3030 МВт ГЭСтердин кубаттуулугу[1]. 2012-жылы Кыргызстандын электр станцияларында жалпысынан 15,0 млрд кВт⋅саат электр энергиясы, анын ичинде 1,0 млрд кВт⋅саат ЖЭБтерде жана 14,0 кВт⋅саат млрд ГЭСтерде өндүрүлгөн[1][2].

Гидроэлектростанциялар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ГЭСтер өлкөдөгү электр кубаттулугунун негизги өндүрүш булагы болуп саналат. Беш ири ГЭСтерде иштелип чыкан электрэнериясы өлкөнүн электр станцияларынын орнотулган кубаттуулугунун ¾ бөлүгүн түзөт.

Аталышы Кимге тиешелүү Кубаттулугу (МВт) Аймак Дарыя Булактар
Ат-Башы ГЭСи «Электр станциялары» ААК 40 Нарын облусу Ат-Башы [3]
Таш-Көмүр ГЭСи «Электр станциялары» ААК 450 Жалал-Абад облусу Нарын [4]
Шамалды-Сай ГЭСи «Электр станциялары» ААК 240 Жалал-Абад облусу Нарын [4]
Учкурган ГЭСи «Электр станциялары» ААК 180 Жалал-Абад облусу Нарын [4]
Токтогул ГЭСи «Электр станциялары» ААК 1200 Жалал-Абад облусу Нарын [5]
Күрпсай ГЭСи «Электр станциялары» ААК 800 Жалал-Абад облусу Нарын [5]
Быстровская ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 8,7 Чүй облусу Чүй [6]
Лебединовская ГЭС «Чакан ГЭС» ААК 7,6 Бишкек шаары Чоң Чүй каналы [6]
1 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 2,2 Бишкек шаары Чоң Чүй каналы [6]
2 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 2,5 Бишкек шаары Чоң Чүй каналы [6]
3 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 2,1 Чүй облусу Чоң Чүй каналы [6]
4 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 2,1 Чүй облусу Чоң Чүй каналы [6]
5 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 6,4 Чүй облусу Чоң Чүй каналы [6]
6 Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 6,4 Чүй облусу Чоң Чүй каналы [6]
Кичи Аламүдүн ГЭСи «Чакан ГЭС» ААК 0,4 Чүй облусу Чоң Чүй каналы [6]
Камбар-Ата 2 ГЭСи 120 Жалал-Абад облусу Нарын [2]

Жылуулук электр станциялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда 2 гана жылуулук электр станциялары (ЖЭБ) иштейт, алар Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Жылуулук электр станцияларынын иштешине керектелүүчү заттардын дээрлик 50% бөлөк өлкөлөрдөн сатып алынат[7].

Аталышы Кимге тиешелүү Күйүүчү заттар Кубаттулугу (МВт) Аймак Булактар
Ош ЖЭБи «Электр станциялары» ААК мазут, жаратылыш газы 50 Ош шаары [8]
Бишкек ЖЭБи «Электр станциялары» ААК көмүр, мазут, жаратылыш газы 812 Бишкек шаары [9]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]