Антарктида
Антарктида | |
Аянты |
14 107 000 км² |
---|---|
Калкы |
0 адам |
Жыштыгы |
0 адам/км² |
Курамында |
0 өлкө |
Тилдери |
жок |
Убакыт аралыгы |
баардыгы |
Интернет-домени | |
Ири шаарлары |
Жок |
Антарктида (грек. ἀνταρκτικός — Арктиканын тетирилиги) — Антарктикадагы материк, дээрлик Түштүк уюл тегеригинин ичинде жайгашкан. Аянты 14,4 млн км². Жээктеринде (узундугу 30 мин кмден ашык) булун-буйтка аз, бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэделл деңиздери материкке кыйла кирип турат.
Ошондой эле Антарктида деп Антарктида материги жана анын тегерегинде жайгашкан аралдар аталат.
Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 16 (28)-январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган. Алар «Восток» жана «Мирный» аттуу кемелеринде Антарктиданын -69.35, -2.23333369°21′ тш.к. 2°14′ б.у. / 69.35° тш.к. 2.233333° б.у. (G) чекитине жетишкен (азыркы Беллинсгаузен атындагы муз шельфинин аймагы).
Мурун түштүк материк бар болгондугу гипотетикалык түрдө ырасталчу, кээде аны Түштүк Америка жана Австралия менен бириктиришчү. Бирок Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин экспедициясы алтынчы материктин бар болгондугун тастыктаган.
Континенталдык аймагына биринчи болуп "Антарктик" аттуу норвегиялык кеменин капитаны Кристенсен жана табигый илимдеринин окутуучусу Карстен Борхгревинк 1895 жылы 24 январда бут шилтешкен.[1]
Антарктида - дүйнөдөгү эң бийик материк.
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Муз континентинин табылган тарыхы. Текшерилген күнү 1 -июль (теке) 2020. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2020.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк • Сибирь • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |